Биз менен байланышыңыз

18-февралда тоолуу аймактарда кар жаайт

Кыска кабар | 18 Фев 2019 | 513 | 0

Бүгүн, 18-февралда Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым аймактарында кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

 

Абанын табы:

 

Чүй облусунда 1…6,

 

Нарында -4…-9,

 

Таласта 1…6,

 

Ысык-Көл дубанында 0…5,

 

Баткенде 1…6,

 

Ошто менен Жалал-Абадда 2…7 градуска жетет.

 

Бишкекте эртең менен кар жаап, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын табы 4…6 градуска жетет.

Copyright © 2017 Maral FM