Биз менен байланышыңыз

Эртең Кыргызстанда күн жылуу болот

Кыска кабар | 16 Фев 2019 | 941 | 0

17-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт.

Чүйдө түнкүсүн -3…+2, күндүз 3…8, Таласта түнкүсүн 0…-5, күндүз 3…8.

Ошто, Баткенде, Жалал-Абадда түнкүсүн -3…+2, күндүз 3…8.

Ысык-Көлдө түнкүсүн -6…-11, күндүз 1…6, ал эми Нарында түнкүсүн -13…-18, күндүз 0…-5.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…+1, күндүз +6…+8. Ошто түнкүсүн 0…+2, күндүз +6…+8.

Copyright © 2017 Maral FM