Биз менен байланышыңыз

Путин кылмыштуу топтордун башчыларын жазадан бошотууну сунуштады

Кыска кабар | 16 Фев 2019 | 676 | 0

Орусиянын президенти Владимир Путин өз ыктыяры менен кылмыштуу иштерден баш тарткан жана ага бөгөт коюуга жардам берген уюшкан кылмыштуу топтордун лидерлерин жазадан бошотууну сунуштады. Ал тиешелүү демилге менен Мамлекеттик думага кайрылды.

Мамлекет башчы тарабынан Кылмыш кодексине сунушталган тактоолор орус парламентинин расмий сайтына жарыяланды.

Путин мындан тышкары кылмыштуу топторго катышкандарга жазаны күчөтүү тууралуу мыйзам долбоорун сунуштады. Анда негизинен уюшкан кылмыштуу топтордун башчыларын 15 жылга, кандайдыр бир операцияларга жетекчилик кылгандарды 20 жылга чейин эркинен ажыратуу камтылган.

Мыйзам долбоору тууралуу түшүндүрмөдө Орусияда уюшкан кылмыштуу топтор коркунучтуу жана оор кылмыштарды жасап, алардын лидерлери жазадан кутулуп кетип жатканы белгиленген.

Социалдык түйүндөрдө орус президентинин бул демилгеси көптөгөн какшык пикирлерди жаратты.

Copyright © 2017 Maral FM