Биз менен байланышыңыз

КСДП: Бийлик Атамбаевди коркутууда

Кыска кабар | 16 Фев 2019 | 1009 | 0

КСДП экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоого алынган насыянын пайдаланышы боюнча анын жоопкерчилигин кароо тууралуу билдирүүгө комментарий берди.

Аталган партиянын катчылыгынан билдиргендей, билдирүүнү «коркутмай» катары баалады. Партия Атамбаев жана мурдакы премьер-министр Сапар Исаков эч качан мыйзамдарды бузууну талап кылышпагандыгын белгилейт.

«Кыязы тергөө бул жылдар ичинде Кыргызстанда бир гана президенттин аппараты иштеп, парламент жана өкмөт, спикерлер жана премьерлер таптакыр иштебей эле унчукпай мыйзамдарды бузуп гана отурушкан деп эсептейт окшойт. Алмазбек Атамбаевдин иш стилине болсо дайыма адистердин пикирин угуу мүнөздүү болуп келет. Анын аңгемелештери өзүлөрүнүн принципиалдуу позицияларын ачык, так айтып турган учурларда деле дайыма баарына мыйзамга карап гана иш тутууну сунуштаган. Экинчиден, спикер да, премьер-министр да эч качан президентке, анын аппаратына андан бетер, баш ийген эмес. Алардын ар биринде бийлик да, ыйгарым укуктар да жетишерлик болгон», — дейт КСДП.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин отурумунда башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоодогу коррупцияда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин иш-аракеттерине юридикалык баа бериле турганын билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM