Биз менен байланышыңыз

Кажы-Сай калдык сактоочу жайында рекультивациялык иштер март айында бүтөт

Кыска кабар | 15 Фев 2019 | 605 | 0

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов «Росатом» Орусия мамлекеттик корпорациясынын өкүлдөрү менен уран өндүрүшүнүн таасиринде калган мамлекеттердин аймагын рекультивациялоо маселесин талкуулоо боюнча жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттүк аппаратын маалымат кызматынан кабарлашты.

«Биз бул Программадан уран өндүрүүчү жана кайра иштетүү өндүрүшүнүн таасирине кабылган КМШга мүчө өлкөлөрдүн аймагындагы радиоэкологиялык кесепеттерге ээ өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуу тобокелдигин кыскартууну, калкка коопсуз жашоо шарттарынын камсыздалышыны күтөбүз», — деди Кубатбек Боронов.

Өз кезегинде «Росатом» корпорациясынын башкы директордун орун басары Николай Спасский үстүбүздөгү жылдын март айында Кажы-Сай обьекти боюнча бардык аткаруу документтери тапшырылып, анын ишке бериле турганын билдирди.

Эске салсак, Уран өндүрүшүнүн таасиринде калган мамлекеттердин аймагын рекультивациялоо программасынын алкагында Кажы-Сай жана Миң-Куш айылындагы калдык сактоочу жайларды рекультивациялоо каралган. Программа эки этапта ишке ашырылат.

Copyright © 2017 Maral FM