Биз менен байланышыңыз

Президентке бир айда 1284  жаран кайрылган

Кыска кабар | 15 Фев 2019 | 467 | 0

Президентинин Аппаратына январда 1284  жарандан кайрылуу келип түшкөн. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалымат кызматынан кабарлашты.

Жазуу жүзүндө келген бардык 1051 кайрылуулардын 1028и Президенттин аппаратына, ал эми калган 23 кайрылуу  Президентин Ош шаарындагы Коомдук кабылдамасына келип түшкөн.

Келип түшкөн кайрылуулардын 829у көзөмөлгө алынып, 319у аткарылган. Учурда 510 жарандын кайрылуулары аткарылууда.

Эң көп арыздар, дооматтар жана сунуштар Бишкек шаарынын тургундарынан келип түшкөн. Ошондой эле КМШ жана башка өлкөлөрдөн — 29 жарандын кайрылуулары катталган.

Келген каттардын көпчүлүгү сот жана укук коргоо органдарынын иши боюнча кайрылышкан.

 

Copyright © 2017 Maral FM