Биз менен байланышыңыз

«Ирандагы терактка Американын тиешеси жок»

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Фев 2019 | 603 | 0

«Ирандын түштүк-чыгышындагы Систан аймагындагы терактка АКШнын тиешеси жок. Ирандын Тышкы иштер министри Мухаммед Жавад Зарифтин Батышты айыптай кыйытып айткан сөздөрү да негизсиз».

Мындай пикирин Американын мамлекеттик катчысы Майк Помпео билдирди.

Анын айтымында,  Ирандын ТИМ башчысы  президенти Рухани сыяктуу эле радикал. Бул өлкө жашоочулары жана дүйнө коомчулугу үчүн кооптуу. Мунун алдын алуу үчүн Ирандын жарандары өз үндөрүн угузуп, демократияны талап кылуулары керек.

Ошондой эле Помпео Батыш өлкөлөрүнөн турган коалиция Жакынкы Чыгыштагы кризиске Ирандын салымы чоң экенин жана Руханинин башкаруусу диктатура экенин бышыкташты. Буга каршы күрөшүү үчүн орток пикир жаралбай, ар түрдүү ойлор айтылууда.

Эске салсак, Жавад Зариф теракттын Варшавада Жакынкы Чыгыш боюнча суйлөшүүлөрдүн башталган күнү жүзөгө ашканы бекеринен эместигин билдирген. Конференцияда негизги ролду ойногон Америка делегациясынын башында мамкатчы Майк Помпео да бар болчу.

Copyright © 2017 Maral FM