Биз менен байланышыңыз

Ташкентте беш өлкөнүн ТИМ башчылары жолукту

Кыска кабар | 3 Фев 2020 | 424 | 0

Бүгүн, 3-февралда Ташкент шаарында Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков башында турган кыргыз делегациясы «Борбордук Азия + АКШ» (С5+1) кызматташуу форматындагы жолугушууга катышты. Бул тууралуу ТИМдин маалымат департаменти билдирди.

Жолугушууга ошондой эле Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстандын тышкы иштер министрлери жана АКШнын Мамлекеттик катчысы катышты.

Жолугушуунун катышуучулары региондук соода, чек ара коопсуздугу чөйрөсүндө жана суу-энергетика секторунда кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Тышкы иштер министри Айдарбеков күн тартибине ылайык Кыргызстандын улуттук приоритеттерин айтып өттү. Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы мамилелерде жана алардын АКШ менен мамилелеринде соода-экономикалык кызматташууга басым жасоо менен ушул форматта региондук өз ара аракеттенүүнү күчөтүүнү сунуш кылды.

Бул иш-чаранын алкагында Айдарбеков Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов жана АКШнын Мамлекеттик катчысы Майк Помпео менен жолугушууларды өткөрдү.

Copyright © 2017 Maral FM