Биз менен байланышыңыз

ТИМ башчысы АКШнын Мамлекеттик катчысы менен визалык чектөөлөр боюнча сүйлөштү

Кыска кабар | 4 Фев 2020 | 733 | 0

Кечээ, 3-февралда Ташкент шаарында Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков АКШнын Мамлекеттик катчысы Майк Помпео менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин маалымат департаменти билдирди.

Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн жолдору, анын ичинде, кыргыз жарандарына карата АКШ тарабынан киргизилген визалык чектөөлөрдү жокко чыгаруу боюнча биргелешкен кадамдар талкууланды.

Американын мындай чечими түздөн-түз Кыргызстандын жарандарынын кызыкчылыгын козгоп жаткандыгын Айдарбеков баса белгиледи.

Биометриялык паспорттор дагы киргизиле элек 80ден ашык өлкөнүн ичинен, тандалып бир нече мамлекеттерге, анын ичинде Кыргызстанга карата гана чектөөлөр киргизилгендигине кыргыз тараптын таң калуусун билдирди.

Бул Кыргызстанда ийгиликтүү өнүгүп жаткан парламенттик демократияны, сөз эркиндигин өнөктөш катары колдоо түшүнүгүнө туура келбейт.

Ошондой эле Айдарбеков Кыргызстан эл аралык коопсуздукту камсыздоо боюнча процесстердин активдүү катышуучусу болуп саналарын, ошондой эле терроризм менен күрөшүүгө өзүнүн өзгөчө салымын кошуп келгендигин жана кошуп жаткандыгын белгиледи.

Бул багытта тыгыз өз ара аракеттенүүнү күчөтүү жана түзүлгөн абалды чечүүнүн жолдорун издөө жөнүндө сүйлөшүү жетишилди.

Тараптар эки жана көп тараптуу форматтардагы кыргыз-америка мамилелеринин бардык комплексин өнүктүрүү маанилүүлүгүн  белгилешти.

Copyright © 2017 Maral FM