Биз менен байланышыңыз

Мектептерде «электрондук кезек» системасы ишке кирди

Кыска кабар | 15 Фев 2019 | 754 | 0

Бишкекте окуучуларды мектепке кабыл алуу боюнча электрондук кезек ишке кирип, иштеп баштады. Бул тууралуу Билим берүү министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, жаңы системада мамлекеттик мектептерге 1-класстын окуучусун электрондук режимде кабыл алууга шарт түзөт.

Ошондой деле бул ыкма коррупциялык көрүнүштөрдү жоюуга жардам берет.

2018-жылдын аягына чейин Бишкектин мектептеринде «электрондук кезек» системасы пилоттук долбоор катары сыналып келген.

Эми бул долбоор Кыргызстандын башка аймактарында да иштетилет.

Copyright © 2017 Maral FM