Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев Аманбай Кайыповду уяткарды

Кыска кабар | 15 Фев 2019 | 726 | 0

Өкмөттүн кезектеги жыйынында кыргыз-орус өнүктүрүү фонду Нарын облусунда болгону 7 долбоорду жактырып, каржылагандыгы маалым болду.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Аманбай Кайыповго кайрылып, эмнеге мындай деп суроо узатты.

«Караңыз, Чүй облусунда 147 долбоор жактырылган, Ысык-Көл облусу боюнча — 243. Акча турат, силер болсо аны колдонбойсуңар. Иштеп, регионду өнүктүрүүгө жумшаш керек», — деди Абылгазиев.

Ошондой эле өкмөт башчы министрлерди өз ара тил табышып, биргелешип инвестициялык долбоорлорду иштеп чыгууга чакырды.

Copyright © 2017 Maral FM