Биз менен байланышыңыз

Аргентина Венесуэлага гумжардам бере турган орган түздү

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Фев 2019 | 658 | 0

Аргентинанын Тышкы иштер министрлиги 14-февралда коңшу Венесуэлага гуманитардык жардам топтоп, жеткирүүчү атайын топ түздү. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, аталган топ өлкөдө жыйналган гумжардамдарды чогултуу, муктаж аймактарды аныктоо жана таратуу менен алектенет. Анын ишин Тышкы иштер министрлиги көзөмөлдөйт.

«Соңку кездери саясий, экономикалык жана гуманитардык кризистен жабыркаган венесуэлалыктарга ыкчам жардам көрсөтүүнү көздөйбүз»,-делет мекеменин билдирүүсүндө.

Бирок Венесуэланын Тышкы иштер министрлиги Аргентина өкмөтүнүн мындай кадамын суверендүү мамлекеттин ички ишине кийлигишүү деп баалоодо.

Эске салсак, буга чейин да Америкадан келген гуманитардык жардамдарды Николас Мадуронун өкмөтү киргизбей, чек арада кармап турган болчу.

Copyright © 2017 Maral FM