Биз менен байланышыңыз

Тоолуу райондордо кар көчкү түшүүсү күтүлөт

Кыска кабар | 15 Фев 2019 | 593 | 0

2019-жылдын 15-февралынан 17-февралына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар.

Алсак, Бишкек-Ош унаа жолуун Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашуусунда, Чычкан капчыгайында, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун Чапчыма ашуусунда, Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунда, Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолунун Талдык, Катынарт ашуусунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталат.

Андан тышкары, Сары-Таш-Кара-Мык унаа жолунда, Казарман-Актал-Чат унаа жолунун Ийри-Суу тилкесинде, Каракол-Эңилчек унаа жолунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү сакталат. Жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Copyright © 2017 Maral FM