Биз менен байланышыңыз

Илим Карыпбеков КТРКнын директорлугуна талапкерлигин коёт

Кыска кабар | 15 Фев 2019 | 2270 | 2

Илим Карыпбеков Коомдук телерадио корпорациясынын башкы директорлугуна өз талапкерлигин кайра коёт. Бул тууралуу ал өзү социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
Анда аны кызматка кайра келтирбөө аракеттери жүрүп жатканын айтып, шайлоого кайра катыштырбай койгонго кызыктар тараптар бар экенин жазган.
Карыпбековдун белгилешинче, КТРКнын кызматкерлери анын кызматта калышын каалап, байкоочулар кеңешине, Жогорку Кеңешке жана президенттин дарегине кат жолдошкон. Эмгек жамаатынын колдоосун аягына чыгаруу үчүн кийинки ачык шайлоого катышарын белгиледи.

Кошумчалай кетсек, Илим Карыпбеков 2015-жылы КТРКнын башкы директору болуп шайланган. Ал 2017-жылы Марал радиосуна берген маегинде кийинки шайлоого талапкерлигин койбой тургандыгын айткан эле.

 

2 пикир

2 пикир

  1. Мукамбетжусуп

    15.02.2019 11:45

    Атыркул байкоочу кенешке мучо болуп бекер жеринен келген жок!Илим экичи жолу кандидатурасын койсо, ал отот деген соз! Менен коз карашымда Илим татыктуу кадр эмес !

  2. Pingback: «КТРКнын жамааты Карпбековдун калышын каалап жатканы калп» – ТЕЗКАБАР

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM