Биз менен байланышыңыз

Унаалардын номерин камерадан жашырууга аракет кылгандарга айып пул салынат

Кыска кабар | 14 Фев 2019 | 612 | 0

Унаалардын мамлекеттик номерин камерадан жашырууга аракет кылган айдоочуларга айып пул салынат. Бул тууралуу мамлекеттик автоинспекция билдирди.

Коюлган камераларга катталып калбаш үчүн айрым айдоочулар унаанын номерлерине ылай чаптап же башка нерселерди сүйкөп койгон учурлар кездешүүдө.

Мындай ыкмага барган айдоочуларга 1000 сом өлчөмүндө айып пул салынат.

Эске салсак, 12-февралда Бишкекте «Коопсуз шаар» долбоору ишке кирген. Анын алкагында шаардын 10 көчөсүнүн кесилишине жол эрежесин бузгандарды каттаган камералар ишин баштаган. Анын натыйжасында бир суткада 878 миң сомдук жол эрежесин бузуу катталган.

 

Copyright © 2017 Maral FM