Биз менен байланышыңыз

Төрт райондо каржылык мыйзам бузуу 32,4 млн сомду түздү

Кыска кабар | 14 Фев 2019 | 608 | 0

Өзгөн, Сузак, Токтогул жана Чаткал райондорунда бөлүнгөн каражаттарды максаттуу жана натыйжалуу пайдалануу боюнча аудит жүргүзүлүп, жыйынтыгында 32,4 млн сом каржылык мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Эсептөө палатасынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Аныкталган каржы бузууларынын ичинен 24.6 млн сом калыбына келтирилүүгө тийиш, азырынча болгону 9,9 млн сом калыбына келтирилген.

Аудиттини жыйынтыгы боюнча аталган райондордо  акча жана материалдык каражаттардын жетишсиздиги, эмгек акынын негизсиз төлөмү, буюмдарды эсептен чыгарып салуу, иш саякатына ашыкча төлөө, курулуш иштеринин наркын жогору баалоо, мамлекеттик каражаттарды үнөмсүз пайдалануу жана башка каржылык мыйзам бузуулар катталган.

 

Copyright © 2017 Maral FM