Биз менен байланышыңыз

УКМК: Пара алган Эсеп палатасынын инспектору колго түштү

Кыска кабар | 14 Авг 2019 | 581 | 0

Пара алган Эсептөө палатасынын инспектору Э.К. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Коррупцияга каршы кызматы тарабынан колго түшүрүлдү. Ал 26-июлда кармалып, учурда камакта экенин УКМКнын маалымат кызматы бүгүн билдирди. Шектүү Э.К. 2019-жылдын апрель айында Бишкектин Ленин райондук №1 Үй-бүлөлүк медицина борборунун кызматкерлеринен 200 000 сом пара талап кылып, аталган мекеменин кызматкери Ш.М. инспекторго 60 000 сом берген. Кийин калган акча каражатын кызматкерлерден чогултуп бермек.

Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-б. (Пара талап кылуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Шектүү Э.К. күнөөсүн мойнуна алгандыгы тууралуу арыз берип, 26-июль күнү Бишкектин Биринчи Май райондук соту анын баш коргоо чарасын карап, үй камагына чыгарган.

Ал эми Ш.М. карата Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту эч жакка кетпөө боюнча баш коргоо чарасын кабыл алган.

Азыркы убакта тергөө жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM