Биз менен байланышыңыз

Ниязалиев: Кыргыз-катар мамилеси жаңы баскычка чыгуусуна ишенем

Кыска кабар | 14 Фев 2019 | 648 | 0

 

13-февралда Кыргызстандын Катардагы Атайын жана ыйгарымдуу укуктуу элчиси Нуран Ниязалиев Катардын Тышкы иштер министри Султан бин Саад ал-Mурайхи менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Жолугушууда саясий, соода-экономикалык жана инвестициялык тармактарда мамилелерди күчөтүү максатындагы пландар талкууланды.

Катардын Тышкы иштер министри эки тараптуу мамилелердин учурдагы абалын жогору баалап, кызматташууну мындан ары бекемдөөгө Катардын кызыкдар экенин баса белгиледи.

Нуран Ниязалиев коюлган пландар биргелешип ишке ашырылса, кыргыз-катар мамилелери жаңы баскычка чыгуусуна ишенимин билдирди.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM