Биз менен байланышыңыз

2019-жылдан унаалардын эски ээси салык төлөгөн учурда жаңы ээси төлөбөйт

Кыска кабар | 14 Фев 2019 | 542 | 0

2019-жылдан тартып унаалардын мурунку ээси тарабынан учурдагы жыл үчүн салык төлөнгөн учурда, унаанын кийинки ээси кыймылдуу мүлк салыгын төлөбөйт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын маалымат кызматынан кабарлашты.

2019-жылдын 4-февралында Салык кодексине толуктоо киргизилген. Анда 4-топтогу мүлк объектисине менчик укуктарын өткөрүп берүү – салык  төлөөчү тарабынан салык төлөнгөн шартта, мүлк салыгын кайрадан төлөө үчүн негиз болуп саналбайт. 4-топтогу мүлк объектисине менчик укуктарын мамлекеттик каттоо же кайра каттоо учурунда, ошол жыл үчүн мүлк салыгы төлөнгөндүгү тууралуу документ берилет.

Эске салсак, эски Салык кодекси боюнча унаа ээси мүлк объектисине менчик укуктарды толук же жарым-жартылай өткөрүп берүүдө, тариздөө учурунда жаңы ээси тарабынан да ошол жылга салык төлөнгөн.

Copyright © 2017 Maral FM