Биз менен байланышыңыз

Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодекске өзгөртүүлөр киргизилет

Кыска кабар | 28 Июн 2021 | 575 | 0

Президент Садыр Жапаров «Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамга кол койду. Бул тууралуу Президенттик Админстрациянын маалымат кызматы билдирди.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан ушул жылдын 27-майында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты пайдалуу кендерди иштетишкен (казып алышкан) жеке же юридикалык жактардын чегерүүлөрүнөн түзүлгөн Региондорду өнүктүрүү фонддорунун каражаттарын аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн программаларына ылайык максаттуу арналыштагы иш-чараларды ишке ашыруу жолу менен да пайдалануунун эффективдүүлүгүн жогорулатуу болуп эсептелет.

Ошондой эле кабыл алынган мыйзам менен бюджеттик кодекстин 34-беренесинин жана салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодекстин 46-беренесинин ченемдериндеги карама-каршылыктар жоюлууда.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Copyright © 2017 Maral FM