Биз менен байланышыңыз

Прокурор: TBEA курган мектептин акчасына 3 окуу имараты салынмак

Кыска кабар | 14 Фев 2019 | 647 | 0

TBEA тарабынан Калыс-Ордо конушуна курулган мектеп бардык курулуш мыйзамдарын бузуу менен салынган. Мындай маалыматты Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңеште айтты. Баш прокурордун айтымында, ага кеткен каражат менен 3 мектеп салууга мүмкүн болчу.

Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгынын орун басарынын берген маалыматына ылайык, TBEA компаниясы 2 млн долларды 2 мектеп куруу үчүн грант катары берген. Ал каражат Өкмөттүн жетектөөсүндө болушу керек эле. Бирок Бишкек шаарынын ошол кездеги мэри Кубанычбек Кулматовдун экс-президент Алмазбек Атамбаевге жазган катынын негизинде каражат мэрияга өтүп калган.

Анын белгилешинче, мектеп эч кандай тендерсиз жана долбоордук сметасы жок курулуп, иш бир куруучу компаниядан экинчисине мыйзамсыз өткөрүлүп берилген. Анын кесепетинен мамлекетке 94 млн 864 миң 180 сомдук зыян келтирилген.

Кошумчалай кетсек, аталган мектеп Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушуна салынган. Ал 660 окуучуга ыңгайлашкан. Курулуш иши TBEA компаниясы тарабынан бериген 2 млн долларга жана шаардык бюджеттен 114 млн сомго курулганы буга чейин кабарланган.

Copyright © 2017 Maral FM