Биз менен байланышыңыз

Путин: Жээнбеков кыргызстандык дин кызматкерлерин Казанда окутууну өтүндү

Кыска кабар | 13 Фев 2019 | 586 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков менен Орусия мамлекет башчысы Владимир Путиндин Сочиде болгон жолугушуусунда дин кызматкерлерин окутуу боюнча сөз болгон. Бул тууралуу орус лидери айтканын ТАСС агенттиги жазды.

Анда Путин Татарстандын биринчи башчысы Минтимер Шаймиев менен жолуккан. Жолугушууда Кыргызстандын дин кызматкерлерин Татарстандагы Ислам академиясында билим алуусуна шарт түзүү жагы каралды. Путин анда Жээнбеков менен жолукканын эске салып, кыргызстандык дин кызматкерлеринин Татарстандагы академияда билим алууга мүмкүнчүлүк түзүп берүүсүн өтүнгөнүн айткан.

Орусия президенти Татарстан бийлигине жана биринчи жетекчисине кайрылып, айтылган маселени карап чыгып, тиешелүү шартты түзүп берүү сунушун киргизди.

Эскерте кетсек, Сооронбай Жээнбеков Орусия президенти Владимир Путин менен 10-февралда Сочи шаарында жолугушкан.

Copyright © 2017 Maral FM