Биз менен байланышыңыз

Москвада кыргыз-орус «Достук жана кызматташтык» форуму өтөт

Кыска кабар | 13 Фев 2019 | 1518 | 0

16-февралда Москва шаарында кыргыз-орус «Достук жана кызматташтык» форуму өтөт. Бул тууралуу “Замандаш” партиясынан маалымдашты.

Ага Орусиядагы кыргызстандыктар, Орусия мигранттар федерациясынын, Орус-Кыргыз ишкерлер кеңешинин жана бир катар диаспораларынын өкүлдөрү катышары күтүлүүдө.

Иш-чарада Кыргызстандын өнүмдөрүн Орусия аймагында илгерилетүү максатында «Кыргызстандын 100 мыкты өнүмү» долбоорун презентациялоо пландалган.

Форум — эки мамлекеттин ортосундагы кызматташтыкты жакшыртуу боюнча келечек пландарды, көйгөйлөрдү жана аларды чечүү жолдорун талкуулоо үчүн туруктуу диалог аянтчасы болуп калат. «ОПОРА РОССИИ» кичи жана орто бизнести өнүктүрүү жалпы орусиялык коомдук уюмунун өкүлдөрү жана «Кыргызстандын ата мекендик өндүрүшчүлөр» ассоциациясы «B2B» бизнес форматында эки өлкөнүн кызматташуу келечегин талкуулайт.

 

Copyright © 2017 Maral FM