Биз менен байланышыңыз

Үй-бүлөсү менен Сирияга кеткен жаран кармалды

Кыска кабар | 13 Фев 2019 | 452 | 0

2019-жылдын 9-февралында эл аралык террористтик уюмдардын мүчөсү 1991-жылы туулган Р.У. аттуу Кыргызстандын жараны кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук кызматынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык Р.У. аттуу жаран 2014-жылы  чет өлкөдөгү диний мекемелерден билим алып жатып, эл аралык террористтик уюмдардын көзөмөлүнө түшүп, үй-бүлөсү менен Сирияга кеткен. Ошондой эле Сириядагы лагерлердин биринен  аскердик машыгуудан өтүп, Сириянын өкмөттүнө каршы согушка катышкан.

Бул иш боюнча тергөө органдары тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 243-беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Учурда кармалган жаран камакка алынып, тергөө жүрүп жатат.

 

Copyright © 2017 Maral FM