2019-жылдын 9-февралында эл аралык террористтик уюмдардын мүчөсү 1991-жылы туулган Р.У. аттуу Кыргызстандын жараны кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук кызматынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык Р.У. аттуу жаран 2014-жылы чет өлкөдөгү диний мекемелерден билим алып жатып, эл аралык террористтик уюмдардын көзөмөлүнө түшүп, үй-бүлөсү менен Сирияга кеткен. Ошондой эле Сириядагы лагерлердин биринен аскердик машыгуудан өтүп, Сириянын өкмөттүнө каршы согушка катышкан.
Бул иш боюнча тергөө органдары тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 243-беренеси боюнча кылмыш иши козголду.
Учурда кармалган жаран камакка алынып, тергөө жүрүп жатат.