Биз менен байланышыңыз

Чемпиондор Лигасында плей-офф баскычы башталды

Дүйнө , Кыска кабар , Спорт | 13 Фев 2019 | 685 | 0

13-февралда футбол боюнча Чемпиондор Лигасынын плей-офф баскычындагы оюндар башталды. Алгачкы күнү “Манчестер Юнайтед”-ПСЖ жана “Рома”-“Порту” беттештери орун алды.

Манчестер Юнайтедде орун алган беттеште жергиликтүү клуб 0:2 эсеби менен франциялык ПСЖга утулду. Эсеп санын 53-мүнөттө Преснель Кимпембе ачса, 60-мүнөттө Килиан Мбаппе командасына экинчи голду алып келди.

Римде жайгашкан “Олимпик” стадионунда “Рома” менен “Порту” клубунун оюну 2:1 эсебинде италиялыктардын жеңиши менен жыйынтыкталды. Беттештин биринчи бөлүгүндө эсеп саны ачылган жок. Экинчи бөлүктө “Романын” оюнчусу Николо Дзаньоло эки гол менен айырмаланса, “Порту” Адриан Лопестин бир голу менен жооп берип, беттеш жыйынтыкталды.

Бул жуптардын жооптук беттештери 7-мартка караган түнү орун алат.

Ошондой эле плей-офф баскычында 14-февралга караган түнү «Тоттенхем» — «Боруссия Дортмунд» жана «Лион» — «Барселона» беттештери Бишкеке убактысы боюнча 02:00 орун алат.

Ал эми «Аякс» — «Реал Мадрид, «Атлетико Мадрид» — «Ювентус», «Бавария» — «Ливерпуль» жана «Шальке» — «Манчестер Сити» оюндары 19-20 февраль күндөрү өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM