Биз менен байланышыңыз

Сирия: Сокку урулган айыл тургундары качууда

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Фев 2019 | 618 | 0

Сириянын жака белиндеги ИШИМ террордук тобунун колундагы акыркы айыл-кыштактардын тургундары үй-жайын таштап качууда. Буга АКШ баштаган араб-күрд кошуундарынан турган Эркин Сирия армиясынын ИШИМге каршы уруп жаткан соккулары себеп болду. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, соңку эки күн айылдарды таштап качкандардын саны жүздөп саналат. Алар аталган коалициянын соккуларынан улам ондогон жай тургундун мерт кеткенинен кийин кача башташкан.

Эркин Сирия армиясынын кабарлашынча, ИШИМдин акыркы кошууну жалпысынан чет элдик жалданма күчтөрдөн турат. Арасында түрк жана орус жарандарынын да бар экени кабарланууда.

Качкандардын арасында чет элдик согушкерлердин булөөлөрү да бар экени маалым болду.

Эске салсак, өткөн аптанын аягында АКШ аскердик базасы менен өнөктөшкөн күрд кошуундары ИШИМди Сириянын аймагынан биротоло сүрүп чыгууну башташканын жарыялаган.  Урулган соккулардан эки күндө 70 жай тургун каза болгон.

Copyright © 2017 Maral FM