Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев: «Коопсуз шаар» маалыматтык коопсуздукка доо кетирбейт

Кыска кабар | 13 Фев 2019 | 521 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 12-февралда иштеп баштаган “Коопсуз шаар” долбоорунун иши менен таанышты. Ал Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Мониторинг борборунда болуп, өкмөт бул долбоорду ишке ашырууга көп эмгек кылганын айтты.

Өкмөт башчынын белгилешинче, “Коопсуз шаарды” эксперттик топ, анын ичинде тиешелүү министрлер, жетекчилер 3 жарым ай отуруп, иштеп чыгышты.

-Жарандар жол кыймылындагы тартипти видеого тартып, бири-бирине жөнөтүп, “маршруттук таксилер да бир катарга тизилип калды” деп куттуптап жатышат. Бул абдан кубанычтуу. Мамлекетти тартип жолу менен өнүктүргөн бизге да жеңил болот. Жарандарыбыз тартипке муктаж болуп, сагынып калганын көрсөтүп турат. Долбоорду ишке киргизүүгө өкмөт көп убакыт кетирди. Ошол үчүн элдин алдында кечирим сурайм.

Ошондой эле өздүк маалыматтар башка өлкөлөргө өткөрүлүп калат деген кооптонуулар негизсиз экенин, ал жерде жол коопсуздугу бузулган фактылар гана сакталарын айтты.

Коопсуз шаар долбоору ишке киргенден кийин жолдогу туура эмес орнотулган белгилер жана жалпы катарчылыктар байкаларын, ошонун негизинде калыбына келтирүү иштери жүрөрүн белгиледи.

Кошумчалай кетсек, “Коопсуз шаар” долбоору 12-февраль күнү ишке кирген. Ошол күнү 761  жол эрежесин бузуу аныкталып, айыптын жалпсы суммасы 878 миң сомду түздү.

Copyright © 2017 Maral FM