Биз менен байланышыңыз

Парламентте Эсептөө палатасынын жаңы аудитору ант берди

Кыска кабар | 13 Фев 2019 | 473 | 0

Жогорку Кеӊеште жаӊыдан Эсептөө палатасынын аудиторлугуна шайланган Зарылбек Сатаев  ант берип, өздөрүнүн ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришти.

Жалпы жыйында төрага Дастанбек Жумабеков жалпы депутаттардын атынан Зарылбек Сатаевди ант берүү аземи менен куттуктап, алардын ишинде ийгиликтерди каалады.

Белгилей кетсек, «Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө» мыйзамдын талабына ылайык, жаӊыдан шайланган аудитор парламентте ант бергенден кийин өзүнүн ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.

Copyright © 2017 Maral FM