Биз менен байланышыңыз

Марипов: Бюджеттин 1/3 бөлүгү мамлекеттик сатып алууларга кетет

Кыска кабар , Пикирлер | 20 Июн 2019 | 739 | 0

Мамлекеттик сатып алууларга бюджеттин 1/3 бөлүгү, тактап айтканда 40 млрд сомдон ашык каражат жумшалат. Бул тууралуу Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттик маанидеги документтер үчүн жылына 6 млрд сомдой акча сарпталат.

«Мындай документтерди ата мекендик басмаканалар даярдаса, 6 млрд сомдун 50 %ы мамлекетте калат. Калк да айдоочулук күбөлүк, транспорт каражаттарын каттоо сыяктуу документтерди арзан баада сатып алат. Жергиликтүү ишканаларды, өндүрүштү колдонсок, каражат сыртка чыгып кетпей өзүбүздө калат», — дейт Марипов.

Copyright © 2017 Maral FM