Биз менен байланышыңыз

Нигерия: президентти колдоого келгендер тебелендиде калды

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Фев 2019 | 590 | 0

Нигериянын Риверс штатында президент Мухаммед Бухаринин шайлоочулар менен болгон жолугушуусуна келген кишилер тыгында теделендиде калды. Кырсыктан кеминде 14 киши мерт кетип, ондогон киши жаракат алды.

Бул тууралуу Vanguard басылмасы жазды.

Порт-Харкорт шаарынын ооруканасынан билдиришкендей башка оор абалдагы жарадарлар да бар. Аларды дарыгерлер көзөмөлдөөдө.

Маалыматка ылайык, шаардын стадионунда президенттикке талапкер Мухаммед Бухаринин сөзүн бутуруп чыгарда, ага карай агылгандар кысылып, жыгылгандар калың топтун тебелендисинде калышкан.

Эске салсак, Нигерияда президенттик шайлоо 16-февралда өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM