Биз менен байланышыңыз

Соцфонд: Пенсия убагында берилип жатат

Кыска кабар , Пикирлер | 13 Фев 2019 | 575 | 0

Кыргызстанда пенсия берүү кармалууда деген маалымат жалган. Бул тууралуу Социалдык фондунун пенсияны төлөө жана көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Азат Ашымбек уулу «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, учурда пенсия банк жана почта аркылуу төлөнүп жатат.

-Мыйзам боюнча пенсияны ай өткөндөн кийин төлөө каралган. Бүгүнкү күндө социалдык фонддун финансылык жетишкендигине байланыштуу өтүп жаткан айдын онунчу күнүнөн пенсия төлөнүп баштайт.  Тагыраак айтканда, февраль айынын пенсиясын 10-февралдан ала башташат. Мурун пенсияны айдын биринен баштап төлөп баштачубуз. Азыр социалдык камсыздандыруу төгүмдөрдүн түшүшүнө жараша айдын онунан берилип жатат. Ошондуктан пенсия кармалып, убагында төлөнбөй жатат деген сөздөр жалган.

Учурда республика боюнча 600 миңдинтегерегинде пенсия алуучулар бар жана алардын басымдуу бөлүгү орточо эсептеги пенсияны алып жатышат. Өзгөчө эмгек  сиңиргендер 15 миңдин айланасында пенсияалышат, алардын саны 2000 чамалуу.

Copyright © 2017 Maral FM