Биз менен байланышыңыз

«Коопсуз шаардын» порталы иштебей жатат

Кыска кабар | 12 Фев 2019 | 594 | 0

Жол эрежелерин бузуу боюнча айып пулдарды текшерүүгө мүмкүн болгон uslugi.gov.kg сайты иштебей жатат.

Аталган сайттын жол эрежелерин бузуу боюнча айып пулдарды текшерүү бөлүмүнө кирип, жеке номерди жана унаанын номерин тергенде жол эрежесин бузгандыгы боюнча жалпы маалымат чыкмак. Ошондой эле аталган сайтта жалпы мамлекеттик кызмат көрсөткөн тармактардын да ар кандай маалыматы жайгаштырылган.

Эске салсак, бүгүн 12-февралдан  баштап Кыргызстанда “Коопсуз шаар” долбоору ишке кирди. Буга байланыштуу Мамлекеттик маалымат технологиялар жана байланыш комитети ар кандай айып бузуулар uslugi.gov.kg сайтына жайгаштырылып турарын айткан.

Copyright © 2017 Maral FM