Биз менен байланышыңыз

Улан Абилов президенттик аппараттын бөлүм башчысы болду

Кыска кабар | 12 Фев 2019 | 496 | 0

Улан Абилов президенттик аппараттын укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгонун мамлекет башчынын аппаратынан маалымдашты.

Ага ылайык, мурдагы бөлүм башчысы Анарбек Исмаилов башка жумушка которулгандыгына байланыштуу кызматтан алынды.

Кошумчалай кетсек, Улан Абилов 2014-жылдан тартып аталган бөлүмдүн эксперти болуп эмгектенген.

Ал эми 2018-жылдын февраль айынан тартып бөлүм башчысынын орун басары кызматын ээлеген.

Copyright © 2017 Maral FM