Биз менен байланышыңыз

Сирия: АКШнын соккусунан 70 жай тургун набыт болду

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Фев 2019 | 572 | 0

Сирияда АКШ коалициясынын соккусунан Багуз айылынын жетимиштен ашык жай тургуну набыт болду. Бул тууралуу Ikhbariya басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, абадан урулган соккулардан террористтерден качкан жай тургундар унаалары менен бирге күйүп кетишкен. Ондогон жарадарлар да катталды.

Кечээ качкындар лагериндеги 20 киши жаза тийген октон каза болушканы кабарланган болчу.

Эске салсак, АКШ күч түзүмдөрүнүн колдоосу менен араб-күрддөрдөн түзүлгөн отряддар ишемби күнү аймактагы ИШИМ террордук тобунун акыркы күчтөрүн жок кылууну башташканын жарыялаган. Ушундай эле билдирүүнү АКШ президенти Дональд Трамп билдирген. Сириянын түштүк-чыгышындагы Багуз шаарына жасалган операция дагы 9-февраль күнү башталган болчу.

 

Copyright © 2017 Maral FM