Биз менен байланышыңыз

Былтыр 378 чет өлкөлүк жаран Кыргызстандан депортацияланды

Кыска кабар | 12 Фев 2019 | 418 | 0

Мамлекеттик каттоо кызматы 2018-жылы 498 миң чет өлкөлүк жаранды Кыргызстандын аймагына каттаган. Бул тууралуу 12-февралдагы маалымат жыйында Миграция кызматынын диаспоралар менен иштөө жана ички миграция бөлүмүнүн башчысы Улан Шамшиев маалымдады.

Анын айтымында, алардын 24-25 миңи кытайлык жарандар.

“Кыргызстанда кытайлык жарандар көп деген кооптонуулар чындыкка дал келбейт. Өткөн жылы миграциялык мыйзамдарды бузган 5 миң 607 жаранга чара көрүлүп, 378 өлкөдөн депортацияланды. Аларга салынган айыппулдун жалпы суммасы 45 млн сомдон ашты”, — деди ал.

Кошумчалай кетсек, 17-январда Кыргызстанда кытайлыктар көбөйүп кеткенин айтып, нааразы болгондор Ак үйдүн алдына митингге чыгышкан.

Copyright © 2017 Maral FM