Connect with us

Канадада кырктан ашуун мексикалык кул бошотулду

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Фев 2019 | 884 | 0

Канаданын Онтарио провинциясында көмүскө соодагерлер тарабынан сатылып, кара жумушта иштетилген 43 мексикалык жаран бошотулду. Бул тууралуу Канаданын полициясы кабарлады.

Маалыматка ылайык, полициянын 250 кызматкери катышкан атайын операциянын натыйжасында Барри жана Васага-Бич шаарларындагы «заманбап кулдар» куткарылды. Аларды жакшы жумуш убадалап чакыргандар башкаларга сатып, кара жумуш үчүн акыларын өздөрү алып турушкан.

Шектүү тараптарга адам сатуу беренеси боюнча кылмыш иши козголору айтылууда.

Жергиликтүү бийлик ушуга окшош жагдайлар байкалса дароо күч түзүмдөрүнө кабарлоосун өтундү.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM