Биз менен байланышыңыз

Түштүктө памирлик кыргыздардын айылы түптөлүшү мүмкүн

Кыска кабар | 12 Фев 2019 | 3016 | 0

Кыргызстандын түштүгүндө памирлик кыргыздардын айылы түптөлүшү мүмкүн. Бул тууралуу 12-февралдагы маалымат жыйында Миграция кызматынын тышкы миграция боюнча бөлүмдүн башчысы Улан Шамшиев билдирди.

Анын айтымында Памирден келген кыргыздарга өкмөт баардык жардамды берип жатат. Анын ичинде аларды республиканын түштүк бөлүгүнө көчүрүү да бар. Бүгүнкү күнү аларга берилчү жер да табылган.

Эске салсак, Ооганстандын Памир тоолорун байырлап калган кыргыздардын 30дан ашыгы Нарындын Куланак айылында жаңыча жашоого ылайыкташуу сыноосунан өтүп жатышат. Ал жакта памирлик боордоштор кыргыз арибин үйрөнүүдө. Алар Кыргызстан менен ооган өкмөтү түзгөн келишимдин негизинде билим алыш үчүн убактылуу келишкен.

Copyright © 2017 Maral FM