Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан парламентине этникалык кыргыз депутат болуп шайланды (фото)

Дүйнө | 26 Дек 2019 | 1997 | 0

Өзбекстандын Олий Мажилисинин мыйзам чыгаруу палатасына этникалык кыргыз Нодира Жанибекова депутат болуп шайланды. Бул тууралуу маалымат Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтына жарыяланды.

Маалыматта айтылгандай, Жанибекова Нодира Абдусаломовна Сырдарыя облусунун Янгиер округунан депутат болуп шайланган. Ал бул шайлоого Өзбекстандагы «Адолат» социал-демократиялык партиясынын атынан катышкан.

Ошондой эле, БШКнын сайтында Нодира Жанибекованын 1973-жылы Ташкент шаарында туулгандыгы айтылат. Ал Гулистан мамлекеттик университетинен «Мамлекеттин негиздери жана укук» адистиги боюнча билим алган. Аталган университетте ага окутуучу болуп эмгектенет. Мындан сырткары, Сырдарыя облусундагы Кыргыздардын улуттук маданий борборунун төрайымы кызматын да аркалап келет.

Буга чейин Өзбекстандагы парламенттик шайлоого этникалык кыргыздардан да катышып жаткандыгы тууралуу айтылган. Мындай окуя Өзбекстандын жаңы тарыхында алгачкы ирет болууда.

Тарыхта биринчи жолу: Өзбекстандын парламентинде этникалык кыргыздар үчүн квота бөлүндү

Copyright © 2017 Maral FM