Биз менен байланышыңыз

УКМК: Издөөдө жүргөн эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү кармалды

Кыска кабар | 11 Фев 2019 | 581 | 0

29-январда Улуттук коопсуздук комитети тарабынан издөөдө жүргөн эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү М.Х. аттуу Кыргызстандын жараны кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Ал  Кылмыш-жаза кодексинин 375-беренесинде каралган кылмыш ишин жасагандыгы үчүн эл аралык издөөдө жүргөн.

Изилдөөнүн жүрүшундө кармалган жаран 2015-жылы “жихад” идеологиясын көздөп Сирияга барган. Эл аралык террористтик уюмдарга кошулуп, Сириянын өкмөтүнө каршы күрөшкөн. Жыйынтыгында ал КМШ өлкөлөрүнүн бирине жиберилген.

Учурда  кылмыш ишине байланыштуу иликтөө иштери улантылып жатат.

Copyright © 2017 Maral FM