29-январда Улуттук коопсуздук комитети тарабынан издөөдө жүргөн эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү М.Х. аттуу Кыргызстандын жараны кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Ал Кылмыш-жаза кодексинин 375-беренесинде каралган кылмыш ишин жасагандыгы үчүн эл аралык издөөдө жүргөн.
Изилдөөнүн жүрүшундө кармалган жаран 2015-жылы “жихад” идеологиясын көздөп Сирияга барган. Эл аралык террористтик уюмдарга кошулуп, Сириянын өкмөтүнө каршы күрөшкөн. Жыйынтыгында ал КМШ өлкөлөрүнүн бирине жиберилген.
Учурда кылмыш ишине байланыштуу иликтөө иштери улантылып жатат.