Биз менен байланышыңыз

Түркия Жалал-Абад шаарына мектеп курат

Кыска кабар | 11 Фев 2019 | 595 | 0

Бүгүн, 11-февраль күнү Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы Айбек Джолдошев жана биринчи вице-мэри Майрамбек Адылбеков Түркиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Женгиз Камил Фырат баштаган делегацияны кабыл алды. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.

Жолугушууда Элчи Түркияда жасалчу оор операцияларга Жалал-Абад шаары үчүн акысыз 4 квота берүү, ошондой эле мугалимдеринин айлык маянасы жогору болгон заманбап мектеп куруу сунушун айтты.

Аны менен бирге текстиль жана айыл чарба тармагында адистерди окутуп даярдоо, логистикалык борбор ачуу долбоорлорун ишке ашырса болорун кошумчалады.

 

Copyright © 2017 Maral FM