Биз менен байланышыңыз

Депутат Урмат Самаевдин унаасы изделүүдө

Кыска кабар | 11 Фев 2019 | 937 | 0

Чүй облустук жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы соңку бир аптадан бери Урмат Самаевдин унаасын издеп жатат. Ага каттоодо болбогон номер тагып жүрөт деген айып тагылууда.

Башкармалыктан билдиришкендей издөө ишин Токмок шаарынын  милиция кызматкерлери жүргүзүүдө.

Ал эми депутаттын кабылдамасы жасалма деп айтылып жаткан номер алынып салынганын айрым басылмаларга кабарлаган.

Эске салсак, 31-январда Урмат Самаев жалпыга маалымдоо каражаттарынын бирине жасалма номер менен жүргөнүн, өзү билген эместигин айткан.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM