Биз менен байланышыңыз

Мыкты салык төлөөчүлөр аныкталды

Кыска кабар | 11 Фев 2019 | 707 | 0

2018-жылдын жыйынтыгы боюнча мыкты салык төлөөчүлөр аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мыкты салык төлөөчүлөргө тийиштүү сертификаттарды жана дипломдорду  Салык кызматынын төрагасы Теңизбек Абжапаров тапшырды. Төрага мыкты салык төлөөчүлөрдүн Кыргызстандын өнүгүшүнө олуттуу салым кошуп жаткандарын белгилеп, жаңы жетишкендиктерди каалады.

Алсак, экономиканын өнүгүүсүнө кошкон олуттуу салымы, бюджеттин киреше бөлүгүнүн түзүлүшүнө жигердүү катышкандыгы, 2018-жылдагы иштеринин натыйжалары боюнча салык мыйзамдарын ак ниети менен аткаргандыгы үчүн төмөнкүлөр Кыргызстандын мыкты салык төлөөчүлөрү болушту:

-өндүрүш чөйрөсүндө –«Росс-Прокат-КейДжи» ЖЧК, «Арча» ЖАК, «Электр станциясы» ААК филиалы — МЭС куруу ишканасы, «Шарбон» ЖАК, «РыбМир» ЖЧК.

-курулуш чөйрөсүндө – «Жолчу» ЖЧК.

-соода чөйрөсүндө – «ГазпромНефтьАзия» ЖЧК , «Алкозай — СЭЗ», «Дом Света» ЖЧК .

“Мыкты салык төлөөчү” сыйлыгынын негизги максаты – экономиканын ар түрдүү тармактарында ийгиликтүү иштеген компанияларды жана ишканаларды сыйлоо, салык төлөөчүлөрдүн бизнести таза, ачык-айкын жана сабаттуу жүргүзүүлөрүн кеңири жайылтуу жана салык маданиятын калыптандыруу.

 

Copyright © 2017 Maral FM