Биз менен байланышыңыз

Сириядагы ИШИМдин акыркы жайлары жок кылынууда

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Фев 2019 | 710 | 0

Сириянын түндүк аймагындагы күрд түзумдөрүнун  «Сириянын демократиялык күчтөрү» армиясы ишемби күнү «ИШИМ» террордук тобунун көзөмөлүндөгү акыркы аймакка чабуулун баштады. Бул тууралуу Centralasian басылмасы жазды.

Күрд кошуунунун өкүлү Reuters агенттигине бул чабуул алардын «ИШИМ» тобуна каршы Сирия аймагындагы акыркы кармашы экенин билдирди.

АКШ башында турган эл аралык коалиция «Сириянын демократиялык күчтөрүнө» абадан колдоо көрсөтүүдө.

«ИШИМ» тобунун жоочулары Сириянын Евфрат өзөнүнүн боюндагы беш чарчы чакырым жердеги бир нече айылды ээлеп турушат. Акыркы күндөрү ал жерлерден 20 миңдей карапайым адам көчүп кетти.

АКШ президенти Дональд Трамп кийинки жумада Сириядагы «ИШИМ» террордук тобу көзөмөлдөп келген аймактар 100 пайыз бошотуларын жарыялаган.

Эске салсак, ага чейин Сириядан АКШнын аскерлери чыгарыла турганын жарыялаган Трамтын бул чечими Конгресстеги демократтар менен республикачылардын сынына кабылган. Алар Сирияда «Ислам мамлекети» тобу кайра күчөйт деген кооптонууларын билдиришкен.

Copyright © 2017 Maral FM