Биз менен байланышыңыз

Испаниялыктар бийликтин отставкасын талап кылууда

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Фев 2019 | 569 | 0

Испаниянын борбору Мадрид шаарындагы борбордук Колон аянтына 45 миңден ашуун киши чогулуп, премьер-министр Педро Санчестин отставкасын талап кылышты. Бул тууралуу европалык басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, митингчилер испан бийлигин Каталонияны бөлүүнү каалаган сепаратисттердин талаптарын аткарууга жакындоодо деп айыпташууда. Акцияга өлкөдөгү оңчул партиялардын бары чыгып, Испания мындай бийликке татыктуу эмес экенин айтып, 2020-жылга белгиленген шайлоону эртелетүүнү талап кылышты.

Санчес өкмөтү болсо Каталония боюнча сүйлөшүү сунушун сепаратисттер кабыл албаганын билдирүүдө. Алардын айтымында каталондуктар өз алдынчалык үчүн референдум өткөрүүнү талап кылышууда.

Кошумчаласак, 13-февраль күнү өкмөт 2019-жылдын бюджетин парламентке добушка коёт. Эгер өтпөй калса кезексиз шайлоо болушу ыктымал. Анткени Санчестин «Элдик добуш» партиясы парламенттеги каталондуктардын колдоосуна таянган азчылыкты түзөт. Алар бюджетке референдум өткөрүү камтылбаса андан баш тартары бышык.

 

Copyright © 2017 Maral FM