Биз менен байланышыңыз

Орусия Венесуэла боюнча БУУнун резолюциясын даярдады

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Фев 2019 | 713 | 0

Орусия Венесуэладагы кырдаал боюнча Бириккен Улуттар уюмунун Коопсуздук Кеңешинин резолюциясын даярдады. Бул тууралуу Риа новости жазды.

Маалымтка ылайык, АКШ дагы Венесуэлада кезексиз президенттик шайлоону талап кылган өз вариантын даярдаган болчу.

26-январда өткөн БУУнун Коопсуздук кенешинин отуруму беш сааттык талаш-талкуудан кийин дагы бир чечимге келе алган эмес. Эми тараптар оз алдынча резолюция даярдоого өтүштү.

Эске салсак, өткөн жылдан май айында президент болуп шайланганына карабай, кызматка январда гана киришкен Николас Мадуро өзүнВенесуэланын расмий президенти деп жарыялаганы менен аны дүйнөнүн 40тай мамлекети тааныбай турат. Алар оппозиция лидери, парламент спикери Хуан Гуайдонун президенттигин кабыл аларын жарыялашкан. Эки тараптын колдоочулары БУУнун чечимин чыгаруусуна тоскоол болууда.

Copyright © 2017 Maral FM