Биз менен байланышыңыз

Физиев качан беттешери белгилүү болду

Кыска кабар | 10 Фев 2019 | 523 | 0

Кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиевдин UFC уюмунда дебюттук беттешин качан өткөрөрү белгилүү болду.

Мушкердин менеджеринин маалыматына ылайык, кыргыз мушкери алгачкы беттешин 20-апрельде, Орусиянын Санкт-Петербург шаарында UFC ESPN+ 7 турнирининде өткөрөт. Азырынча атаандашы ким болору белгилүү боло элек.

Рафаэль Физиев эрежесиз эр уруш боюнча жалпысынан 6 профессионалдык беттеш өткөрүп, бардыгында мөөнөтүнөн мурда жеңүүчү аталган.

Кошумчалай кетсек шул эле турнирде кыргызстандык дагы бир UFC мушкери — Антонина Шевченко кезектеги беттешин өткөрөт.

Copyright © 2017 Maral FM