Биз менен байланышыңыз

Футбол федерациясынын жаңы президенти шайланды

Кыска кабар | 9 Фев 2019 | 718 | 0

Канатбек Маматов Футбол федерациясынын президенти болуп шайланды. Бул туурасында аталган федерациянын расмий сайтында айтылат.

Бүгүн, 9-декабрда, федерациянын кезексиз жыйыны өткөрүлгөн. Алгач делегаттар Футбол федерациясынын жетекчиси Семетей Султановдун кызматтан кетүүсүн кабыл алып, ордуна жалгыз талапкер Канатбек Маматовду шайлашкан.

Маалыматта ал жетекчи катары төрт жыл иштей ала турганы айтылат. Маматов буга чейин Футбол федерациясынын президентинин орун басары кызматын ээлеген.

Copyright © 2017 Maral FM