Биз менен байланышыңыз

Ош-Сарыташ-Эркештам жолуна кар көчкү түштү

Кыска кабар | 8 Фев 2019 | 611 | 0

Ош-Сарыташ-Эркештам жолуна кар көчкү түштү. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык Ош-Сарыташ-Эркештам жолунун Алай районундагы бөлүгүнө болжолдуу  6 000 метр куб (узундугу 200 мерт, бийиктиги 2,5 метр) көлөмдөгү кар көчкү түшкөн.

Аталган жол тилкесинде транспорттордун кыймылы убактылуу токтотулду.

 

Copyright © 2017 Maral FM